18:00
USD 87.43
EUR 101.42
RUB 1.08

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолу эки тараптуу ачылды

2025-жылдын 24-август күнү кечинде саат 22:00дөн 23:00гө чейин Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 32-чакырымынан 38-чакырымына чейинки бөлүгүндө (Кара-Талаа жана Шор-Булак айылдарынын ортосунда) сел жүрүп, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен унаа жол жабылган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге дароо тиешелүү техникалар алынып, 25-августка караган түнү саат 01:00дө кыймыл жанданган.

Учурда жол ачык, унаалардын кыймылына чектөөлөр жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-август, дүйшөмбү