Эртең, 23-августка караган түнү Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17...+22 күндүз +27...+32
Талас облусунда түнкүсүн +1...+6 күндүз +17...+22
Баткенде түнкүсүн +10...+15 күндүз +25...+30
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20 күндүз +27...+32
Ысык-Көлдө түнкүсүн +16...+21 күндүз +28...+33
Нарын облусу түнкүсүн +11...+16 күндүз +20...+25
Бишкек шаарында түнкүсүн +19...+21, күндүз +28...+30 градус болот.