00:09
USD 87.43
EUR 101.42
RUB 1.08

Үч миңден ашуун айдоочуларга ОСАГО жоктугу үчүн айып салынды

Кыргызстанда 1-июлдан бери 3410 айдоочуга автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруудан өтпөгөндүгү үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, айып пул салынгандардын көбү жеке унаа ээлери. Кылмыш кодексине ылайык, алардын ар бирине үч миң сомдон айып салынган.

Мыйзам күчүнө киргени менен азырынча ири рейддер жүргүзүлбөй жатканы белгиленет. Текшерүүлөр жол кыймылынын башка эрежелерин бузгандыгында же унаа айыпка камакка алынганда гана ОСАГО жоктугу аныкталып жатат.

Эске салсак, 1-июлдан тарта Кыргызстанда бардык унаа ээлери камсыздандыруу полисин алышы керек деген мыйзам күчүнө кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар