01:33
USD 87.43
EUR 101.42
RUB 1.08

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулган имараттар бузулууда

Мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөшүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон шаарынын Вокзаль көчөсүндөгү кызыл сызыктан жана курулуш сызыктарынан чыккан дүкөндөр бузулууга жатат.

Курулуш министрлиги
Фото Курулуш министрлиги. Имараттарды бузуу
Жол тыгындарын жоюу, жөө жүргүнчүлөрдүн эркин жүрүшүн камсыздоо жана шаар куруу эрежелерин сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Дүкөн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тараптардын макулдашуусу менен имараттарды бузуу иштери уланууда.

Бул иш шаардагы тартипти орнотуу жана мыйзамсыз курулуштарды жоюу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар