2025/2026-жылдын күз-кыш мезгилине чыгуу үчүн Бишкек ЖЭБине 1,4 миллион тонна көмүр сатып алуу пландалып жатканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-августка карата 239 миң тонна катуу отун камдалган. 89 миллиард 395 миллион кубометр жаратылыш газын жана 4 миң тонна мазутту берүү пландаштырылган.
Борбор калаанын ЖЭБинин орточо электр кубаттуулугу 56 мегаватт. Отундун суткалык керектөөсү 1 миң 25 тонна көмүр жана 135 миң метр куб көгүлтүр отун деңгээлинде белгиленди.
ЖЭБде 15 от казан, жети турбоагрегат кайчылаш звенолору жана № 3 жана 4 энергоблок бар. Үч от казан жана эки турбоагрегат иштеп жатат, сегиз от казан, төрт турбоагрегат жана эки энергоблок оңдоодо. Запаста төрт казан агрегаты жана бир турбоагрегат калды.
«ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат, оңдоо иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүүдө», -деп айтылат маалыматта.