16:03
USD 87.45
EUR 101.92
RUB 1.09

Кыргызстанда ноябрь айына чейин 54 миң мугалим ноутбук менен камсыздалат

Кыргызстанда 27 миң мугалим жаңы ноутбук алышты. Ал эми ноябрга чейин дагы ушунчасы чыгарылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мугалимдерди заманбап техникалар менен жабдуу масштабдуу түрдө Кыргызстандын билим берүү тармагынын тарыхында биринчи жолу жүргүзүлүүдө.

«Сатып алуу алдында жабдуулар үч айлык тестирлөөдөн өттү. Ага ар кайсы аймактардан, анын ичинде шаардык жана айылдык мектептерден 220 мугалим катышты. Мугалимдер ноутбуктарды негизги параметрлери боюнча баалашты: процессордун ылдамдыгы, аккумулятордун сапаты жана анын кайра заряддалбай иштөө мөөнөтү, клавиатуранын жана экрандын ыңгайлуулугу, Мультимедиа системасында иштөөнүн туруктуулугу жана Мультимедиа системасында «Мектеп» жана «Күндөлүк» материалдарын колдонуу. Санарип кампа порталы сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча бардык категориялар боюнча жогорку баага ээ болду», — деп баса белгиледи Билим берүү министрлиги.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын бардык мугалимдерине ноутбуктар 2024-жылдын жай айына чейин берилет деп убада кылынган. Бирок, кийинчерээк биринчи этапта жабдыктарды STEM мугалимдери гана алаары белгилүү болгон. Камсыздоо мөөнөтү бир нече жолу жылдырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар