26-августта саат 10:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин борборундагы турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Өчүрүү аянты Чүй проспектиси — Гоголь көчөсү — Огонбаев көчөсү — Осмонкул көчөсү менен чектелет.
Суу берүүнүн токтотулушу насостук станцияны реконструкциялоого байланыштуу болуп жатат.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.