23:27
USD 87.45
EUR 101.92
RUB 1.09

Дүйнөлүк футболдун легендасы Христо Стоичков Кыргызстанга келди

Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев дүйнөлүк футбол легендасы жана «Алтын топтун» ээси Христо Стоичков менен жолукту. Бул тууралуу биримдиктен билдиришти.

Футбол жылдызы бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Football for Schools («ФИФА мектептер үчүн футбол») программасынын расмий ачылыш аземинин ардактуу коногу болду.

Христо Стоичков өлкөдө бул программанын ийгиликтүү башталышы менен КФБ президентин куттуктады. Ал эми КФБ жетекчиси өз кезегинде ФИФАнын футбол оюнун мектеп программасына киргизүү демилгеси келечекте жакшы жыйынтыгын берет деген ишеничин билдирди.

Христо Стоичков аталган жолугушуудан кийин КФБнын Улуттук футбол академиясынын аймагы менен таанышты.

Белгилесек, Football for Schools программасы балдарды футболго тартууга багытталган. Программа ФИФАнын бардык 211 мүчө ассоциациялары аркылуу ишке ашырылып, футболду улуттук билим берүү системасына интеграциялоого өбөлгө түзөт. Кыргызстанда бул программа ишке ашкан учурда мектептерге 3600 даана футбол тобу берилип, ФИФА инструкторлорунун катышуусунда улуттук семинар өткөрүлөт жана дене тарбия мугалимдери үчүн регионалдык семинарлар уюштурулат.

Программаны ишке ашырууда негизги ролду Кыргыз футбол биримдиги аткарып, бардык иш-чараларды уюштуруп, программанын натыйжаларын көзөмөлдөп, аны баалайт. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги программаны окуу процессине интеграциялоого көмөк көрсөтүп, жооптуу өкүлдөрдү дайындайт жана окуу жылынын жүрүшүндө демилгенин ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар