22:07
USD 87.45
EUR 101.92
RUB 1.09

Баткенде сапатсыз курулган бала бакча: Курулуш министрлиги кандай чара көрдү?

Баткен облусунда мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо максатында рейд жасалды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Кароол тилкесинде курулуп жаткан 75 орундуу бала бакчанын курулушу сапат нормаларын бузуу менен жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган. Бул участокто кирпич коюунун жана бетон куюунун технологиясы бузулган.

Жыйынтыгында подрядчы «Темир курулуш» ЖЧКсына курулуш объектисинин сейсмикалык туруктуулугун аныктоо үчүн Сейсмикалык институттун корутундусун алуу зарылчылыгы тууралуу эскертүү берилди.

Ошондой эле аталган мекеменин ишмердүүлүгү боюнча маалымат юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар