Ысык-Көл облусунда облустук ишембилик өтүп, анын жүрүшүндө жээктеги 155 гектарга жакын жер тазаланды. Бул тууралуу КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл облусундагы жалпы облустук ишембиликке 253 мекеме жана уюмдардын 3 миңге жакын кызматкерлери катышып, көл жээгинин тазалыгына өз салымдарын кошушту.
«Бул демилге Ысык-Көлдүн кооздугун жана экологиялык өзгөчөлүгүн сактоо максатында уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.