19:45
USD 87.45
EUR 101.92
RUB 1.09

Ош — Баткен унаа жолунда 26 мыйзамсыз курулуш буздурулду

Ош — Баткен жолунун боюндагы 26 мыйзамсыз курулуш буздурулду. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы минисрлигинен билдиришти.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Баткен облусундагы аймактык башкармалыгы тарабынан Кадамжай районуна караштуу Арпасай, Айрыбаз айылдарындагы Ош — Баткен унаа жолунун коргоочу тилкесине мыйзамсыз курулган 26 обьектинин ээлерине буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертмелер берилген.

Айыл чарба министрлиги
Фото Айыл чарба министрлиги. Ош-Баткен жолу
Бирок, эскертүүдөгү талаптар белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыгына байланыштуу мыйзамды сактабаган жарандардын курулуштары атайын техниканын жардамы менен буздурулуп, баштапкы калыбына келтирилди.
Эң көп окулган жаңылыктар