Жети-Өгүз районундагы мектеп-интернатынын имаратынын мыйзамсыз менчиктештирилген бир бөлүгү мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалымтка караганда, 2003-жылы Жети-Өгүз районунун аймагында мектеп-интернатынын имаратынын 468 чарчы метр бөлүгү жана ага чектеш Барскоон айылында жайгашкан аянты 4847 чарчы метр имарат мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылган. Андан ары имараттар «Б» ЖЧКсынын жеке менчигине сатылып кеткен.

Жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында менчик ээси өзүнүн социалдык объектиге ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде мектеп-интернаттын имаратынын бир бөлүгүн жер участогу менен бирге Барскоон айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берди.
Атайын кызмат жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык объектилерди аныктоо жана аларды мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.