«Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер» долбоорунун алкагында саат 19:00дө борбордук Ала-Тоо аянтында концерт болот.
Бул кеченин дирижерлук стендде маэстро Медет Осмонов болот. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери: Полина Попикова, Элгиз Бейшенбаев, Аяна Бекенова, Атахан Айбек уулу оркестрдин коштоосунда чыгышат.
Мэрия борбор калаанын бардык тургундарын жана конокторун бул кечтерге кошулууга жана ачык асман алдында жандуу музыкадан ырахат алууга чакырат.
Кирүү акысыз.