Бишкектин Фрунзе жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши 21-августтан 1-сентябрга чейин оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул тилкелерде диаметри 700 миллиметр болгон жылуулук тармагынын түтүктөрү 900 миллиметрге алмаштырылат. Иш Фрунзе көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки узундугу 1600 метр болгон бөлүгүндө пландык оңдоо иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө.
Бул тармак 1971-жылдан бери иштейт (54 жыл). Анын стандарттык кызмат мөөнөтү толугу менен түгөнүп, тез арада алмаштырууну талап кылат.
«Бишкекжылуулуктармагы ишканасы » шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, жол каттамын алдын ала пландап алууну суранат.