08:12
USD 87.44
EUR 101.77
RUB 1.08

Бишкекте мектеп жана бала бакчалардын жанындагы жол белгилери жаңыланууда

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. 1-сентябрга карата мектептерде жана бала бакчаларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин жанындагы жол белгилерин жана чийиндерин жаңылоо иштерин улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иштер жаңы окуу жылынын алдында балдардын жолдогу коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

Ленин жана Биринчи май райондорунда иштер аяктады.

Октябрь жана Свердлов райондорунда иштер уланууда.

Азыркы учурда № 63, № 157, жана № 39 мектептердин жанындагы жол чийиндери жаңыланып жатат.

Муниципалдык кызматтар окуу жылынын алдында мектептердин, бала бакчалардын жана башка билим берүү мекемелеринин жанында коопсуз жол чөйрөсүн түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешет.
Эң көп окулган жаңылыктар