Бүгүн, 19-августта Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10 салмактык категория боюнча жалпы 186 балбан кыз күч сынашат.
Кыргызстандын атынан кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы 5 салмактык категорияда төмөндөгү спортчулар килемге чыгат:
Дильназ Абдыкадырова — 50 кг;
Асема Анаркулова — 65 кг;
Гүлнура Таштанбекова — 68 кг;
Кайыркүл Шаршенбаева — 72 кг;
Айжаркын Жаныбекова — 76 кг.