17:23
USD 87.35
EUR 101.23
RUB 1.08

Чолпон-Ата шаарында III Түрк универсиадасы өтөт

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 3-сентябрдан 9-сентябрга чейин Түрк тилдүү мамлекеттердин студенттеринин арасында III Универсиадасы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдештер спорттун жети түрү: шахмат, стол тенниси, волейбол, дзюдо, грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана футзал боюнча өтөт.

Универсиадага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Азербайжандын командалары катышат.

Футзал боюнча мелдештер айланма система менен өтүп, эң көп упай топтогон команда жеңүүчү деп табылат.

Белгилей кетсек, Түрк универсиадасы спорттун гана эмес, маданий баалуулуктардын да майрамы. Мелдештердин ортосунда ар кандай маданий-агартуу иш-чаралары уюштурулуп, жаштардын достук байланышын чыңдоого көмөктөшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар