01:28
USD 87.35
EUR 101.48
RUB 1.08

U-20: Болгариядагы дүйнө чемпионатына кыргызстандык 9 балбан катышууда

Болгариянын Самоков шаарында U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-августка чейин созулган бул эл аралык мелдешке жалпы 650 балбан катышат. Алардын ичинен 233ү эркин күрөштө, 231и грек-рим күрөшүндө, ал эми 186сы кыз-келиндер күрөшүндө күч сынашат.

Ушул жылы мелдешке былтыркы турнирге катышкан 186 балбан кайрадан келди. Алардын катарында эркин күрөштө — 11 медаль ээси, анын ичинде 1 чемпион, грек-рим күрөшүндө — 10 медаль ээси, алардын үчөө былтыркы чемпиондор, кыз-келиндер күрөшүндө — 17 медаль ээси жана үчөө чемпион наамын коргогону келет.

Чемпионат эркин күрөш менен башталат. Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы 9 салмак категориясында катышат.

Кыргызстандын курамасы — эркин күрөш (U-20):

Баяман Керимбеков — 57 кг;

Аскат Токтоматов — 61 кг;

Өмүрбек Асан уулу — 65 кг;

Залкарбек Табалдиев — 70 кг;

Адилет Акылбеков — 74 кг;

Максат Табылдиев — 79 кг;

Элнур Акыбаев — 86 кг;

Айтеңир Максатов — 97 кг;

Жаргалан Будажапов — 125.

Улуттук курама команданын улуу машыктыруучусу — Алмазбек Аскаров.

Эң көп окулган жаңылыктар