05:51
USD 87.35
EUR 101.23
RUB 1.08

Кыргызстанда дан эгиндеринин жарымынан көбү жыйналды

Кыргызстанда дан эгиндеринин жарымынан көбү жыйналды. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дан эгиндеринин 340,1 миң гектары жыйналды (жалпы аянты 678,4 миң га). Бул 50,1 пайызды түзөт. Көрсөткүчтөр былтыркыга салыштырмалуу ашып кетти.

Айыл чарба министрлиги 190,8 миң гектар аянттан буудай, 149,2 миң гектардан арпа жыйналганын белгилейт.

Ош облусунда жүгөрү жыйноого киришти, республика боюнча жашылча, коон, картошка жыйноо уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар