Бишкектин четиндеги Орок муниципалдык аймагындагы өрттүн аянты болжол менен 100 гектарды түздү. ӨКМдин шаардык бөлүмүнөн билдиришкендей, тоонун боорундагы өрт 10-август күнү түштөн кийин чыгып, саат 20.25те гана өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар болгон жок.
Ведомстводон билдиришкендей, өрт өчүрүү иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Бообек Ажыкеевдин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Өрттү өчүрүүгө беш күжүрмөн экипаж жана ыкчам штаб тартылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттүн чыгышына тамеки тартуу учурундагы этиятсыздык себеп болушу мүмкүн.