Түндө Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 00:31де катталган. Жер титирөөнүн очогу Талды-Суу айылынан 5 чакырым түндүктө, Ош шаарынан 90 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Ал эми Талды-Суу айылында 3 балл, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарында 2,5 балл болгон.