Бүгүн, 11-августа Бишкектин айрым райондорунда газ болбой. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
* Гагарин көч, Ч.Айтматов пр, А.Баатыр көч, Островский көч. —
11-12-август күндөрү;
* Жукеев-Пудовкин көч., Токомбаев көч., Сухэ-Батор көч.,Юнусалиев көч., Безымянная көч. — 12-13-август күндөрү.
«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Жумуштар газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүдөбүз",-деп айтылат билдирүүдө.