2025/26-окуу жылына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу ырааттамасын бекитүү жөнүндө буйрукка кол коюлду. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине Илим, жогорку билим жана инновация министрлигинен билдиришти.
Бүткүл республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу беш турда өткөрүлөт:
Биринчиси — 14-19-июлга чейин,
Экинчиси — 21-26-июлга чейин,
Үчүнчүсү — 28-июлдан 2-августка чейин,
Төртүнчүсү — 4-9-августка чейин,
Бешинчи — 11-августтан 16-августка чейин.
Эгерде бош орундар бар болсо, тизмеден кийинки жана кошумча кабыл алуу сунушталган абитуриенттердин тизмелери 18, 19 жана 20-августта илинет.
2025/26-окуу жылына жалпысынан ЖОЖдорго 10 миң билим берүү гранты бөлүнөт.