09:12
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Билим берүү мекемелеринде 11 миңден ашык өрт коопсуздугу бузуулары аныкталган

2025-жылдын башынан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери 2773 билим берүү мекемесин текшерүүгө алышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, текшерүүлөр ар кандай билим берүү мекемелеринде — бала бакчалардан тарта ЖОЖдорго чейин жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 11 миң 864 өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактысы аныкталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, башкармалыктын башчысы Бообек Ажыкеев жаңы окуу жылына карата текшерүүлөрдү күчөтүүнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар