04:32
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кара-Балтада камакка алынган мэрдин ордуна жаңы каала башчысынын м.а. дайындалды

Кара-Балтада камакка алынган шаар башчысынын ордуна жаңы мэрдин милдетин аткаруучу дайындалды. Ал Рыскулбек уулу Нурмат. Тиешелүү буйрукка өлкө президенти кол койду.

ММКлар тарабынан
Фото ММКлар тарабынан. Рыскулбек уулу Нурмат — Кара-Балта шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болду

Эске салсак, 39 жаштагы Мирлан Жекшенов жана дагы эки аткаминер коррупцияга шектелип кармалган. Ал ушул жылдын 4-апрелинде Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалган.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Токмок жана Кара-Балта шаарларына 1 миллиард сомдон бөлүнгөнүн, бирок жыйынтык жок экенин билдирген.

«Мен алар жасаган сейил бакты көрдүм. Аябай кейиштүү абалда. Шаар талкаланып, гүл отургузулган жок, көчөттөр куурап, жолдор бузулуп жатат. Жыйынтыгында мэр кармалган. Ушундай эле абал Кара-Балта шаарында да болуп жатат. Текшерүүгө келгенде, подряддык компаниянын директору качып кеткени белгилүү болду. Алар аны кайра издеп жатышат», — деп айтылат атайын кызматтын башчысынын сөзүндө.

24-июндагы жыйында Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев да УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү менен кармалган. Аны менен бирге дагы бир аткаминер, курулуш компаниясынын жетекчиси жана маданият жана эс алуу багынын курулушуна жооптуу адам кармалды. Кийинчерээк сот төртөөнү тең 2025-жылдын 24-августуна чейин камакта калтырган.

Эң көп окулган жаңылыктар