Бүгүн, 11-июнда Эркиндик бульварында белгисиз бирөөлөр 28 түп жаш көчөттөрдү сындырып кетишкен. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы тарабынан протокол түзүлгөн. Ал эми Ички иштер министрлигине арыз түшкөн.
Буга чейин окуя тууралуу окурмандар кабарлашкан.
Жаңылыкты 0555312024 номерине WhatsAppка жөнөтүп кабарласаңыз болот.