01:03
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Сибирь университети кыргызстандык абитуриенттерге бюджеттик орундарды сунуштайт

Сибирь мамлекеттик медициналык университети абитуриенттерди 2025-жылдын 20-июлуна чейин онлайн кабыл алат. Бул тууралуу КР Билим берүү министрлиги билдирди.

Ага ылайык, бюджеттик орундарга кирүү сынактары 25-июлга чейин кабыл алуу 4-августта саат 12.00гө чейин (Москва убактысы боюнча) жүргүзүлөт.

Билими тууралуу документтердин түп нускасын көрсөтүүнүн кажети жок, кабыл алууга макулдук берүү үчүн арыз жетиштүү болот.

Документтерди бул шилтеме аркылуу жеке кабинетиңиз аркылуу тапшырсаңыз болот.

Кошумча маалыматты +73822590122 телефону аркылуу алсаңыз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар