05:32
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кичи-Жаргылчактын тургундары Барскоон-Каракол жолунун долбооруна нааразы болууда

Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынын тургундары Барскоон-Каракол жолун куруу долбоорун ишке ашырууда жаралган көйгөйлөргө байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Айыл тургундарынын айтымында, жаңы транспорттук жолдун курулушу турак жайларга таасирин тийгизүүдө, тактап айтканда, жашоочулардын кээ бирлеринин үйүнүн жарым-жартылай бузулушуна алып келүүдө.

«Биз жолдун курулушуна каршы эмеспиз, бирок эмне үчүн жолдун ылдыйкы жээгине турак-жай курулбаган жерге жол салууга болбойт? Ал жерде эбегейсиз колдонулбаган, таш баскан бош жерлер турат. Белгиленген сызыкты карасак, жаңы үйдүн пайдубалы курулуп бүтүп калган айыл тургунунан дээрлик 10 сотых жерин алып коюшат», — деп айтылат кайрылууда.

24-kg.com агентиги бул маселе боюнча комментарий алуу үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кайрылды.

"Жалпы узундугу 75 чакырымды түзгөн Барскоон-Каракол автожолун реконструкциялоо долбоору Ысык-Көл облусунун транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Долбоордун алкагында, учурдагы эки тилкелүү жол төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Ошондой эле тротуарларды, жөө адамдар үчүн жер алдындагы өтмөктөрдү, көпүрөлөрдү реконструкциялоо, калктуу конуштарда арыктарды жана көчө чырактарын куруу каралган.

Бул долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякат шарттарын түзүп, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө жана экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Министрлик 2023-жылдын ичинде жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташтыкта бир катар коомдук угууларды өткөрүп, долбоордун максаттары, этаптары жана жакынкы аймактарга тийгизе турган мүмкүн болгон таасирлери боюнча жарандарга түшүндүрмө иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, 2025-жылдын 3—4-июль күндөрү долбоорлорду ишке ашыруу тобунун адистери, подрядчы уюмдун өкүлдөрү жана башкы инженер жолдун боюндагы калктуу конуштарга барып, жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүшкөн.

"Тилекке каршы, YouTube платформасында жайгаштырылган видео расмий булактарга же эксперттердин жыйынтыктарына негизделбеген, текшерилбеген маалыматтар менен болжолдорду камтыйт. Видео автору расмий маалымат алуу үчүн Министрликке кайрылган эмес жана жогоруда айтылган коомдук иш-чараларга катышкан эмес. Мындай маалыматтарды жайылтуу коомчулукту адаштырууга алып келет жана калктын кызыкчылыгында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго болгон ишенимди солгундатат.
Ушуга байланыштуу, Министрлик бардык журналисттерди жана блогерлерди кесипкөйлүк стандарттарын сактоого, такталган маалыматтарга таянып иш алып барууга жана маалымат жарыялардан мурда расмий түшүндүрмө алуу үчүн кайрылууга чакырат",- деп белгиледи министрлик

Кичи-Жаргылчак айылынын тургундарынын суроо-талабы боюнча министрлик — Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө бул маселени ар тараптуу жана объективдүү кароо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүүнү суранды. Аткарылган иштердин жыйынтыгы менен тиешелүү маалыматтар жергиликтүү элге жеткирилет.

Министрлик сунуштарга, конструктивдүү сындарга ачык экенин жана ар дайым сын-пикирлерди билдирип турганын белгилегибиз келет", — деп баса белгиледи Транспорт министрлиги.

Эң көп окулган жаңылыктар