14:08
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

11-июлга карата аба ырайы

Эртең, 11-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

​Бишкекте түнкүсүн 15…17, күндүз 27…29 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар