20:52
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Президент Улуттук банктын төрагасына сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге ишиндеги кемчиликтер үчүн сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

КР Улуттук банкы
Фото КР Улуттук банкы. Мелис Тургунбаев

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармакка жазды.

Анын айтымында, сөгүш иштеги кемчиликтери үчүн берилди.

Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагалыгына 2024-жылдын июнь айында дайындалган. Ага чейин ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген. Мекемени жетектеп турганда мамлекет башчынын сөгүш да алган.

Эң көп окулган жаңылыктар