08:53
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залы кандай оңдолуп жатканы көрсөтүлдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламент имаратындагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мыйзам чыгаруу органынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин жыйындар залын толук оңдоо иштери уланууда. Парламенттин техникалык базасын чыңдоо боюнча 2023-жылы Корея Республикасы менен түзүлгөн келишимдин алкагында зал заманбап, акыркы муундагы жабдуулар менен жабдылып, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн санариптештирүү иштери жүрүп жатат.

Төраганын айтымында, аткарылган иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу керек.

«Жогорку Кеңеш мамлекетибиздеги бийликтин негизги бутактарынын бири болуп саналат. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын шартында парламент дагы жаңы форматта жана шарттарда иштеши керек. Депутаттардын бардык ишмердүүлүгү санарипке өтүп, заманбап техникалык каражаттар менен камсыз болушу керек», — деди ал.

Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин телерадио студиясын реконструкциялоо иштери менен да таанышып, ишти тездетүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Бишкектин борборунда жайгашкан Жогорку Кеңештин имараты 1984-жылы пайдаланууга берилип, жалпы аянты 4,5 гектарды түзөт. Жыйындар залы акыркы жолу 2010-жылы капиталдык оңдоодон өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар