14:29
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Элвира Сурабалдиева окуу акысы кескин жогорулаганын билдирди

Кыргызстанда ЖОЖдордо окуу акысы бир топ жогорулады. Абитуриенттердин жана ата-энелердин айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу көп аймактарда келишимдердин баасы 2-2,5 эсеге кымбаттаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактардын бириндеги баракчасына жазды.

«ММКлар ЖОЖдордо окуунун баасы кескин көтөрүлүп кеткендигин жазышты. Эч кандай түшүндүрүүсүз жана талкуусуз эле.Үй-бүлөнүн кирешеси эсепке алынбай көпчүлүгү жакырчылыктын чегинде жашаган өлкөдө мындай чечимдер капчыгына эле эмес, бүтүндөй муундун келечегине сокку болуп жатат.Мен ишенем, бул маселени күзгү Жогорку Кеңеште депутаттар көтөрөт», — деп белгиледи ал.

Пандемия маалында киргизилген акы төлөнүүчү окууга мораторий алынып салынгандан кийин университеттерге келишим бааларды өз алдынча белгилөө мүмкүнчүлүгү берилди. Натыйжада кээ бир факультеттерде суммалар эселеп көбөйгөн. Эгерде мурда техникалык программалар боюнча күндүзгү окуу жылына 30-40 миң сом болсо, азыр 80-120 миңге жетти.

Баалар өзгөчө медициналык адистиктерге жогору. Кээ бир ЖОЖдордо стоматология же жалпы медицина боюнча келишим 110-150 миң сомго, кош дипломдуктар боюнча 200 миңге чейин жеткен.

Баласагын атындагы КУУ сыяктуу салттуу жогорку окуу жайларда да баасы 20-50 пайызга жылына 33-36 миң сомдон 42-60 миң сомго чейин көтөрүлгөн.

Көптөгөн үй-бүлөлөр мындай секирикке даяр эмес болчу. Абитуриенттер даттанышууда. Аларга өзгөртүүлөр тууралуу алдын ала эскертилген эмес жана көпчүлүгүнүн окуу акысын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошол эле учурда муктаж студенттерди колдоо программалары азырынча сунуштала элек.

Бул маселе парламенттин күзгү сессиясында депутаттардын талкуусуна коюлары күтүлүүдө. Бирок, миңдеген абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн кабыл алуу өнөктүгү жүрүп жаткан учурда чечим кабыл алынышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар