03:16
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бүгүн Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер берилет

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер жарандарга тапшырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Бул ирет борбор калаадагы К.Молдобасанов көчөсүндө курулуп бүткөн турак жайлардагы батирлердин ачкычтары үй ээлерине берилет. Буга чейин бул даректе 3 көп кабаттуу 225 батирлүү турак жайдын курулушу 2025-жылдын жай айларында аяктай тургандыгы айтылган.

Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышары күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар