02:32
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Агресивдүү мамиле кылып, сөгүнгөн. Нурлан Мотиев 5 суткага камакка алынды

Мурдагы көмүр падышасы Нурлан Мотуев укук коргоо кызматкерлерине карата сөгүнүп, уят сөздөрдү айтканы үчүн 5 суткага камакка алынды. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Нурлан Мотуев РИИБдин кызматкерлерин сөгүп, ошол себептен 5 суткага камакка алынды

Нурлан Мотуев мурунку түнү профилактикалык сүйлөшүү үчүн РИИБге алынып келинип, ал тартип сакчыларын сөгүп баштаган. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Бүгүн, 9-июлда Свердлов райондук сотунун чечими менен Нурлан Мотуев 5 суткага камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар