03:52
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ысык-Көлдө 822 мекеме жеке тазалоочу жайларсыз иштеп жатат

Ысык-Көлдө 822 мекеме жеке тазалоочу жайларсыз иштеп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Асел Мамбетова брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда Ысык-Көл облусунда 1198 эс алуу жайлары бар, анын ичинен 822си өздүк тазалоочу жайлары жок иштеп жатат.

«1198 эс алуу жайынын 165и пансионаттар, 64ү мейманканалар, 932си конок үйү жана 37си боз үй. Текшерүү учурунда 822 мекеменин өзүнчө тазалоочу жайлары жок экени аныкталды», — дейт Асел Мамбетова.

Маалым болгондой, бул мыйзам бузуу боюнча 5 чарбалык субъект жабылды. Башка объектилерде да мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында текшерүү иштери уланууда.

Экологиялык көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Гүлмира Тургунбаева адистердин иликтөөсүнүн жыйынтыгында көлдүн экологиялык абалы нормалдуу экенин билдирди.

«Адистердин экологиялык мониторингинин жыйынтыгына ылайык, көлдө нормадан ашыкча көрсөткүчтөр жок. Бул маалыматтарга таянып, мен көлдүн экологиялык абалы нормалдуу деп айта алам», — дейт ал.

Ошондой эле көзөмөл чаралары улана турганы кабарланды. Ишкерлер административдик чараларды жана айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу зыяндарды болтурбоо үчүн экологиялык талаптарды сактоого тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар