Бишкекте 2025-жылдын 6 айында тамак-аштан уулануу боюнча 78 учур катталып, 112 адам жабыркаган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде борбордогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Кундуз Эсенгулова билдирди.
Анын айтымында, ботулизмдин үч учуру катталган.
Белгилей кетсек, ботулизм — Clostridium botulinum бактериясынын токсиндери менен булганган азыктарды, көбүнчө начар даярдалган консерваларды колдонуунун натыйжасында пайда болгон курч уулуу оору.
Борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, 2025-жылдын беш айында Бишкекте курч ичеги инфекциясын жуктурган 2840 адам катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болжол менен 40 пайызга көп.