13:01
USD 87.43
EUR 101.42
RUB 1.08

Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэрине убада кылган унааны тапшырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге убада кылынган унааны тапшырды. Видеону мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.

Атайын кызматтын башчысы Changan X5 Plus унаасы президент Садыр Жапаровдун атынан жакшы иштегени үчүн мэрге белекке берилип жаткандыгын айтты.

«Өлкө башчыга Ош шаарынын мэринин иштегени жагат. Бул башкаларга үлгү болушу керек дейт. Башкаларды да сыйлагысы келет. Президент унааны мэрге жеке менчик катары өткөрүп берүүнү тапшырды», — деди Камчыбек Ташиев.

Эске салсак, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош шаарын текшерүү учурунда мэр Жеңишбек Токторбаевдин ишмердүүлүгүн жогору баалап, ага автоунаа алып берүүнү убада кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар