Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 2026-жылга чейин 200 балдар аянтчасын курууну сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында билдирди.
«Мен 2026-жылга чейин тагыраак айтканда Балдарды коргоо күнүнө карата 200 аянтча курууну сунуштагам. Ош шаары мисал болуп, 2025-жылга 100 аянтча куруу пландалып жаткан. Ал эми Бишкек мэриясы быйыл 603 аянтча курабыз деп жаткан. Мен Октябрь району боюнча тактасам, жыйынтыгында болгону 9 аянтча курулуптур (калгандары кагаз түрүндө).
Ал ошондой эле оюн аянтчалары каприз эмес, дени сак балалыктын негизи экенин белгиледи.
«Эгер баланын үйүнүн жанында бара турган жери жок болсо, ал үйдө, гаджеттерде, кыймылсыз жана байланышсыз отурат. Чечим кагазда эмес, ар бир короодо керек», — деп баса белгиледи Дастан Бекешев.