УКМКнын бардык кызматкерлери Мамлекеттик ипотекалык компаниядан турак-жай менен камсыз болушат. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы үч кызматтык үйдү өткөрүп берүү учурунда билдирди.
Ал белгилегендей, президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын, соттордун, прокурорлордун алдына бирден-бир милдетти — мамлекетке ак кызмат кылууну коюп жатат.
«Өз кезегинде мамлекет башчысы жана анын командасы аларга бардык шарттарды түзүп берип жатат. Быйыл Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл шаарларында үйлөрдүн курулушу аяктап жатат. Быйыл Мамлекеттик комитеттин ар бир кызматкери турак-жай менен камсыз болот», — деп баса белгиледи Камчыбек Ташиев.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Мамкомитет мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 4499 батирди берүүнү пландаштырууда. 2024-жылы 1059 жаранга турак жай берилген. Жалпысынан республика боюнча учурда 61 827 батир курулуп жатат.