Синоптиктер Бишкекте аптанын экинчи жарымында аба ырайы кандай болорун айтышты.
10-июлда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн +19 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Күндүз аба +28 градуска чейин жылыйт.
11-июлда түнкүсүн бир аз жаан жаап, +16 градуска чейин жетет. Күндүз ала булут каптап, термометрдин көрсөткүчү +33 градуска чейин көтөрүлөт.
12-13-июлда ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +17...+20, күндүз +35...+37 градуска чейин ысыйт.