21:31
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкектин 3-кичи районунда ысык суу убактылуу өчүрүлдү

Бүгүн, 9-июлда № 3 кичирайондун No1, 2, 3, 3/2 турак үйлөрүндө ысык суу убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сууну өчүрүү № 1 турак жайдын түндүк тарабындагы жылуулук тармагындагы үзгүлтүккө байланыштуу болуп жатат.

Учурда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Саат 17:00гө чейин ысык суу берүү калыбына келтирилет.

«Бишкектеплосеть» ишканасы учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар