Садыр Жапаров Владимир Шадыкановду коргоо министринин орун басары кызматынан бошотту. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары Владимир Шадыкановду кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.
Владимир Шадыканов бул кызматта 2025-жылдын 16-январынан бери иштеп келген.