Бишкекте электробуска айланган троллейбустар сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, учурда бир гана троллейбус жасалган. Сыноо учурунда ичинде жүргүнчүлөр жок — текшерүү гана жүргүзүлүүдө", — деп түшүндүрүштү департаменттен.
Буга чейин эксперттер мындай өзгөртүүгө байланыштуу техникалык тобокелдиктерди эскертишкен.
Эске салсак, 14-июлда саат 10.30да КР Жогорку сотунда троллейбус линияларын мыйзамсыз демонтаждоо боюнча доо арыз каралат.