13:18
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстандын «Качкын» тасмасы Кытай жана Орусия кинофестивалдарында сыйлык алды

Кыргызстандан тартылган «Качкын» («Чек арадагы келишим») тасмасы эл аралык кинофестивалдарда эки сыйлыкка ээ болгон. Бул тууралуу социалдык тармактарга киносынчы Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Кытайдын Чунцин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун кинофестивалы аяктады. Кыргызстандын тасмасы эң мыкты сценарий үчүн сыйлыкка ээ болду. «Алтын Камелия» сыйлыгы Дастан Жапар Рыскелди менен Актан Рыскелдиевге ыйгарылды.

Псков шаарында (Орусия) VI Эл аралык «Батыш дарбазасы» кинофестивалы өттү. «Качкын» тасмасы мыкты актёрдук ансамбль үчүн сыйлык алды. Сыйлык актер Атай Өмүрбековго тапшырылды.

Качкын мыйзамсыз миграциянын кесепеттерине көңүл буруп, чет жердеги жашоо-турмушун жакшыртууга умтулган мигранттар туш болгон кыйынчылыктарды жана сыноолорду изилдейт.

Орто Азиянын тоолорун аралап жашыруун жолдорду ачкан Аза менен Самат аттуу эки баңги заты кулчулуктан кутулган Назик аттуу кызга чалынышат. Назикти жергиликтүү кылмышкер колго түшүрүп, кайра кулчулукка кабылганда, Аза эмнеси менен болбосун аны сактап калууга бел байлайт.

Негизги бөлүмдөр Нарында, Балыкчыда жана Токтогулда тартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар