13:37
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкек мэриясы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерди

Бишкекте билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты — оңдоп-түзөө-курулуш иштеринин сапатына, санитардык абалына, жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандырууга мониторинг жүргүзүү. Ремонт иштеринин мөөнөттөрүн жана нормаларын сактоого, ошондой эле подряддык уюмдар тарабынан милдеттенмелердин толук жана сапаттуу аткарылышына өзгөчө көңүл бурулууда.

Анда белгиленгендей, айрым кемчиликтер аныкталып, аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча конкреттүү мөөнөттөр жана эскертүүлөр берилди.

Октябрь районунда № 132 бала бакчада жана № 39 орто мектепте капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат;

№ 133 жана № 106 бала бакчалардын канализация жана жуучу түтүктөрүн алмаштыруу;

№ 62 орто мектептин спорт аянтчасын оңдоо;

№ 64 орто мектептин канализациясын оңдоо;

№ 56 орто мектептин ашканасын оңдоо;

№ 63 орто мектептин жылытуу системасын калыбына келтирүү;

№ 1 орто мектепте кошумча окуу корпусунун курулушу

Эң көп окулган жаңылыктар