Бишкекте өткөн 15 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандыктар 18 медаль утушту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.
Грек-рим күрөшү боюнча балбандарыбыз бир алтын, эки күмүш, төрт коло, эркин күрөш боюнча балбандар бир алтын, эки күмүш жана эки коло, кыздар бир күмүш жана беш коло байгеге ээ болушту.
Белгилей кетсек, Марсель Оганов менен Хасан Гасанов чемпион болушкан.
Бүгүн, 9-июлда Кыргыз Республикасынын борборунда 20 жашка чейинки спортчулар арасында Азия чемпионаты башталат.