Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө банк жайгашкан имараттын экинчи кабаты күйүп кетти.
Окуя болгон жерде эки өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат. Тилсиз жоону 24-kg.com редакциясынын журналисттери өрттү видеого тартып алышкан.
Өрттүн очогуна жетип, жалынды өчүрүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары 2-кабаттын терезелерин кулатышкан.
Жабыркагандар жок, өрт учурунда банктын көптөгөн кызматкерлери түшкү тамактанууга чыгышкан. Алардын айтымында, өрт эмнеден чыкканы белгисиз.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт саат 12.39да башталган. Өрттү өчүрүүгө Свердлов райондук No3 өрткө каршы кызматынан 2 бөлүм, Октябрь районунан 1 бөлүм (No5 өрт өчүрүү бекети) жана штаб тартылган.
Кошумчалай кетсек, саат 13:00дө КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 1 унаа, 2 кызматкер жана 1 дрон тартылган.
Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет.