00:33
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 15 эседен ашык өстү

2025-жылдын биринчи беш айында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү 6 миллион 350 миң долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир нече эсеге көп. Бул тууралуу Asia-Plus басылмасы жазып чыкты.

Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдөн Кыргызстанга экспорт 1 миллион 590 миң долларды түзсө, коңшу мамлекеттен импорт 4 миллион 760 миң долларды түздү.

Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2024-жылдын январь-май айларында эки өлкөнүн ортосундагы жалпы товар жүгүртүү 405,1 миң долларды гана түзгөн. Ошентип, өсүш 15 эседен ашат. Эксперттер бул динамиканы саясий мамилелердин акырындык менен калыбына келтирилиши жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун президент Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча 8-9-июлга белгиленген Дүйшөмбүгө мамлекеттик сапарына активдүү даярдык менен байланыштырышат.

Белгилей кетсек, акыркы он жылда эки өлкөнүн соодасы өсүү жана олуттуу төмөндөө мезгилин башынан өткөрдү. Эки тараптуу сооданын эң чоң көлөмү 2018-2019-жылдары байкалган, анда жалпы соода жүгүртүү дээрлик 60 миллион долларга жеткен, анын ичинен Кыргызстандан импорт 48 миллион доллардан ашык, ал эми Тажикстандан экспорт 14 миллион доллардан ашкан.

Бирок, 2020-жылдан бери туруктуу төмөндөө башталды. 2021-жылы сооданын көлөмү 26,2 миллион долларга, 2022-жылы 15 миллион долларга чейин азайса, 2023-жылы болгону 11,4 миллион долларды түзгөн. 2024-жылы бул көрсөткүч минималдуу деңгээлде — 11,6 миллион долларга жакын калган.

Эң көп окулган жаңылыктар