02:43
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Жогорку Кеңеш чет өлкөлөргө командировкага 12,3 миллион сом короткон

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 24-kg.com сайтынын депутаттардын чет өлкөлөргө иш сапарлары тууралуу макаласына комментарий берди.

Парламент чет өлкөгө иш сапарлар көбүнчө чакырган тараптын эсебинен ишке ашарын белгиледи.

«Мисалы, депутат Эльвира Сурабалдиеванын иш сапарынын чыгымдары чакырган тараптын эсебинен жүргүзүлгөн. Буга депутаттар Камила Талиева, Медербек Алиев жана вице-спикер Нурланбек Азыгалиевдин Финляндияга болгон иш сапарына да тиешелүү. Ошондой эле эл өкүлдөрүнүн өз эсебинен командировкага кеткен учурлары да бар. Маселен, депутат Эмил Токтошев Непалга, вице-спикер Нурланбек Азыгалиев БАЭге, Замирбек Мамасадыков Нидерландияга, Элдар Абакиров АКШга жол киресин жеке каражатынан төлөп, барышкан», — деп баса белгиледи парламентте.

Белгилей кетсек, «Ачык бюджет» мамлекеттик порталынын маалыматы боюнча 2025-жылдын жети айында Жогорку Кеңеш чет элдик иш сапарларга 12 миллион 306 миң сом короткон. Өлкө ичиндеги жол кире чыгымы 1 миллион 135 миң сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар