13:34
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстан менен Россия ветеринарияны өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

Россия Федерациясынын Вологда облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Ветеринария, мал чарба, жайыт жана тоютту өнүктүрүү кызматынын директору Улугбек Кожобергенов менен Россия Федерациясынын айыл чарба министринин орун басары Максим Увайдов мал чарбасы жана ветеринария жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар агроөнөр жай тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, анын ичинде мал чарбачылыгын өнүктүрүү, ветеринардык көзөмөл системасын жакшыртуу, ошондой эле тармактын илимий жана билим берүү потенциалын бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Ветеринария жана мал чарбасы тармагында адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана эки өлкөнүн адистештирилген мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашууну уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Кыргыз Республикасында мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, заманбап генетикалык технологияларды киргизүүгө жана туруктуу өсүш үчүн шарттарды түзүүгө жана тармакты модернизациялоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти.

Россия тарап кыргыз тарапка селекциялык иштерди жүргүзүүгө жана айыл чарба жаныбарларынын жергиликтүү породаларынын продуктуулугун жогорулатууга ылайыктуу асыл тукум чарбалардын тизмесин жана колдо болгон асыл тукум материалды берүүгө даяр экендигин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар